Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан маалыматка караганда, 13-майда катуу жааган жамгырдан удам Өзгөн районундагы Кандава каналынан суу ашып, 15 уйдүн короосун, 1 үйдүн жер-төлөсүн суу каптады. Мындан сырткары Тынчтык айылында 3 үйдүн короосун суу каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч, өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ушул эле күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ак-Турпак каналынан суу ашып, 12 үйдүн короо-сарайына жана 1 үйдүн полуна чейин кирген.
Окуя болгон жерде ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмү жана жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. Селдин кесепеттери эсептелип жатат.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ