Астанада бүгүн 10 жылга соттолгон мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин доо арызы каралат.
Мурдагы министрдин адвокаттары соттон Бишимбаевдин отурумга катышуусуна уруксат берүүнү суранышты. Алар бул өтүнүчүн соттолгондордун бири министрге байланыштуу жаңы көрсөтмө бергени менен түшүндүрүшүүдө.
Бишимбаев 2016-жылы сегиз ай министрдин кызматын аркалаган. 2017-жылы кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча аткаминер “Байтерек” холдингин жетектеп турганда “1 млрд. 200 млн. теңге уурдаш үчүн кылмыштуу топ уюштуруп”, Кызыл-Ордодо айнек заводун курууга бөлүнгөн каражатты кымырган, “курулуш ишканаларынан пара алган”. Ал буга чейин сотто президенттин жана элинин ишеничин актай албаганы үчүн Назарбаевден кечирим сураган.
Сот март айында мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди жемкорлук боюнча айыптуу деп таап, 10 жылга катаал режимдеги абакка кескен. 38 жаштагы Бишимбаев өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан да ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ