Кечээ, 4-ноябрда КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахманов Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинe караштуу Кыргыз-Түрк ишкердик кеңешинин (DEİK) Башчысы Айдын Мистачоглу менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу бүгүн, 5 ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Башкы консул Кеңешке ички саясий жагдайдан кабар берип, алдыда боло турган Кыргыз Республикасындагы маанилүү окуялар, учурдагы өлкө жетекчилигинин иш-аракеттери жана Өкмөттүн социалдык-экономикалык тармакты жакшыртуу, коронавируска каршы күрөшүү, инвестициялык шарттарды жакшыртуу боюнча аракеттерден маалымат берип кетти.
Жолугушуу алкагында кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташуу боюнча, бизнести сактоо багытын жакшыртуу зарылдыгы, ошондой эле Түркия Республикасында кыргыз бизнесмендеринин долбоор пландарын жүзөгө ашырууда жардам көрсөтүү боюнча ачык сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ