Ысык-Көлдө жол кырсыгы болуп, эки киши оор жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жол кырсыгы Түп районунда катталган. «ВАЗ» жана «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен үч киши жаракат алган. Экөөнүн абалы оор болгондуктан, ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ