4-ноябрда ЖКнын спикери Канат Исаев президенттик шайлоого катыша тургандыктан, кызматын тапшырып берди. Спикерликке жалгыз талапкер болуп “Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты Талант Мамытов көрсөтүлгөн.
Спикерликке көрсөтүлүп жаткан талапкерге добуш берүүдө бюллетендин галочка коюлган жерин атайын эки “күзөтчүгө” көрсөтүп салышканын адвокат Замир Жоошев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Белгилей кетсек, жашыруун добуш берүүдө 100 депутат макул, 1 депутат каршы деген добуш берген. Ошентип, 100 добуш менен Талант Мамытов ЖК спикери болуп шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ