Бүгүн, 5-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну суранышууда.
Эскерте кетсек, алар экс-президентти колдоо үчүн №47 түзөтүү колониясына чогулушкан. Анын жубайы Раиса Атамбаева да катышып отурат.
Жубайынын айтымында, Атамбаевдин кан басымы төмөн болуп, ал аябай ооруп жатат. 10 күндүн ичинде аларга Атамбаев менен жолугушуу үчүн бир эле күн берилген.
“Мен учурдагы жетекчиге жана Жогорку Соттун төрагасына кайрылып, соттордун ачык-айкын, чынчыл жана ачык болушун суранам. Алмаз Шаршенович 1 жыл 3 ай түрмөдө отурду, ал тургай күн санады. Бул 550 күн. Ал цементте, бетондо отурду. Бир сааттык сейилдөө цемент менен бетондо да болду. Мен жөн гана сурагым келет. Буга чейин кетип калган бийлик эмне үчүн бул кишиге ушундай кылды?” – деди Раиса Атамбаева.
“Учурдагы бийлик, эсиңерге келгиле! Таза жана ачык сотторду камсыз кылгыла. Сот отурумуна журналисттер, парламент депутаттары жана үй-бүлө мүчөлөрү кирсин”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ