Тажикстанда Курган-Төбө эл аралык аэропорту жабылып, 120дан ашык жумушчусу мөөнөтсүз эмгек өргүүсүнө чыгарылды. Маалыматка караганда, аэропорттун жабылышына орусиялык ВИМ Авиа авиакомпаниясынын Москва-Курган-Төбө-Москва каттамдары боюнча учууларын токтоткондугу себеп болду.
ВИМ Авиа 2014-жылдан бери Москвадан Курган-Төбөгө жумасына беш жолудан каттам жасап келген. Бирок акыркы айларда учуулардын саны кыскарып, сентябрдын башында каттамдар таптакыр эле токтогон.
ВИМ Авианын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Курган-Төбө шаарына каттамдардын жабылышы жүргүнчүлөрдүн аздыгына байланыштуу. Хатлон облусунун борборуна учуу авиакомпания үчүн чыгашалуу болгон.
Курган-Төбө аба майданында мындай көйгөйлөр үч жыл мурда эле башталган. Анда орусиялык «Ист Эйр» авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдүн аздыгынан чыгым тартып жатканын билдирип, аталган аэропортко учууларын токтоткон. Анда дагы аэропорттун жетекчилиги кызматкерлеринин 80% жакынын мөөнөтсүз эмгек өргүүсүнө чыгарууга аргасыз болгон.
Курган-Төбөдөгү эл аралык аэропорттун өз учактары жок жана башка авиакомпаниялардын учактарын тейлөө менен акча таап келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ