Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун доценти, педагогика илимдеринин доктору Гүлжигит Сооронкулов Россиянын Нижегород облусунун Большое Болдино айылында өтүп жаткан Эл аралык илимий конференцияга катышууда, – деп билдирди УИАнын пресс-кызматы.
“Болдино окууларында” Г.Сооронкулов “А.С.Пушкиндин “Эвристикалык реализм” маселесине” (“К проблеме “эвристического реализма” А.С.Пушкина”) аталышандагы докладын окуйт. Андан сырткары Кыргызстандын окумуштууларынан Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус “Славян” университетинин Тарых жана теория кафедрасынын кафедра башчысынын орун басары, филология илимдеринин доктору Бахтияр Койчуев чакырылган.
Иш-чараны А.С.Пушкиндин “Болдино” мамлекеттик адабий-мемориалдык жана жаратылыш музей-коругу жана Н.И. Лобачевский атындагы Нижегород мамлекеттик улуттук изилдөөлөр университети уюштурууда.
Маалымат үчүн:
Пушкин таануучу илимпоздордун башын бириктирген иш-чара 1969-жылдан бери өткөрүлүп келет. Конференцияга катышуу жана доклад жасоо максатында чет өлкөлүк окумуштуулар дагы чакырылып турат. Быйыл кезектеги XLV “Болдино окуулары” өтүүдө. Иш-чара 12нен 14-сентябрга чейин уланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ