Menu

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери: “Президенттик шайлоодо мыйзам бузулса, элдин толкунун баса албай калабыз”

Бөлүшүү:

Оппозициялык маанайда туруктуу көз карашын сактай алган, саясый талаада оор басырыктуу келаткан, бир багыттуу Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин ичинен бараандуулардын катарында. Каарманыбыз биздин учкай суроолорго жооп узатып, демдүү маанайда экенин байкатты.

– Бакыт Эргешович, Өзгөн районунун Аюу айылындагы кырсык тууралуу сиздин күйүп-бышкан сөзуңүздү уктук. Ошол кырсыктын алдын алса болот беле?

– Болот эле. Туура, ӨКМ эскертүү берген. Бирок, анын астында кандайдыр бир окутуулар, үйрөтүүлөр болдубу? Күзөтчүлөр коюлдубу? Эгер ушундай иш-чаралар жүргүзүлгөн болсо, ал жерде жашаган эл деле туура түшүнөт эле. Көрдүңүздөрбү, Камчиев аттуу жаран «мен эртең менен карасам жарака жылып кеткен экен» дейт. Үйүнө кирип, кайра чыгып атат. Бирок, үйдөгүлөрдү «сыртка чыккыла» деп айткан эмес. Бул эмнени билдирет? Ошол жерде инструктаж, маалымат таратуу, үйрөтүү, түшүндүрүү иштери болгон эмес.

– Сиз учурунда ӨКМди жетектеген адис катары кандай иштерди кантип жүргүзүү керектигин билесиз да.

– Маяктарды орнотуш керек болчу. Эгер жер жылса, ошол маяк телефондук түйүнгө сигнал берет. Телефондук түйүн болсо, ошол жерде жашаган тургундарга «жер көчкү жүрөт, шашылыш чыгып кеткиле» деген команда берсе, алар үйлөрүнөн чуркап чыгат эле. Андай болгон жок да.

– Андай иштерди эми деле кылыш керек го?

– Өзү негизи бизде элге коркунуч келтирчү, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон эң кооптуу участоктор жыйырмадан ашпайт. Ошол участокторго барып, жаңы маятник болобу, ЖПС, же спутниктик телефон коёбу, ушуга окшогон кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүү зарыл.

– Сиздин фракциянын өкүлдөрү кырсык болгон жерге кетип аткан турбайсыздарбы. Барууга болгон максатыңыздар эмне?

– Биринчи максат – кырсыктан жапа чеккендерге көңүл айтабыз. Эл менен сүйлөшөбүз, чын эле алдын алуу, эскертүү, түшүндүрүү иштери болдубу – ушуларды сурап чыгабыз. Өкмөт тарабынан кандай жардам: канча жер, канча ссуда, электр энергиясы, суу жагынан канча жардам керек экендигин тактайбыз.

– Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитетинин жыйынында «БШК-нын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоону таза, профессионалдуу өткөрө аларына көзүм жетпейт» деп билдирдиңиз. Эмнеге таянып күмөн санап атасыз?

– Мен негиздеп берейин. Декабрь айында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болду. Ошондо мен «тизмелер боюнча фальсификациялар болушу мүмкүн» деп алдын ала айткам, туурабы? Кийин шайлоо бүткөн соң КСДП фракциясынын
депутаттары өздөрү чыгып айтышты «менин үйүмдө башка жарандарды каттатып коюптур, муну кандай түшүнсө болот?» дешип. Бул бир. Экинчиси, Бишкек шаарынын мэрии шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү. Биз ал мыйзам бузууларды БШКга, сотко берсек дагы баарына көз жуумп коюшту. Күчкө салып, чечимдерди чыгартышты. Биздин айтып атканыбыз президенттик шайлоо – бул эң чоң маанидеги саясый иш-чара. Ар бир талапкердин өзүнүн тарапкерлери болот. Эгер туура эмес иштер жасалса, мыйзам бузууларга жол берилсе, эл арасында толкундоолор, нааразычылыктар болуп кетиши мүмкүн. Көпчүлүк катмар козголуп кетсе башаламандык жаралат,
токтотуп калууга анда кеч болуп калат. Мен ошон үчүн алдын ала айтып атам. Шайлдабекова мыйзамды сактай алабы? Өзүнүн калыс сөзүн айта алабы? Буга менин көзүм жетпейт. Ошондуктан, БШКнын мүчөлөрү өздөрү карап, балким, башка төраганы шайлап алуулары керек.

– Шайлоонун датасы боюнча көз карашыңыз кандай?

– Фракциянын лидери катары менин позициям мындай. Жаңы шайланган президент 1-декабрда өзүнүн кызматына киришиши керек. Бүттү! Шайлоо 15-октябрда болобу, 27-августта, же 19-ноябрда болобу, анын мага айырмасы жок.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: