Кечээ, 26-декабрда Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин пресс-катчысы Ильяс Бекболотов узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу анын досу Кыргыз Республикасынын Орусия ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын аткаруучу директору Эсен Салиев өзүнүн Facebook социалдык баракчасына жазып чыкты.
“Бүгүн Ильяс Бекболотов дүйнө салды. Кош бол..”, – деп жазган ал.
Эсен Салиевдин берген маалыматына ылайык, маркумдун сөөгү бүгүн, 27-декабрда саат 10:00до жерге берилет. Ал 46 жашта болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ