Өлкө президенти Эмомали Рахмон Эл аралык валюта фондуна жолдогон кайрылуусунда мигранттардын Орусиядан акча которуулары 50% азайганын жазды. Мамлекет башчы быйыл март айында өткөн жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 80 миллион доллар аз каражат келгенин билдирди. Тажикстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөнүн кирешеси эмгек мигранттары которгон акчага көз каранды.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, быйыл Тажикстандын экономикасы стагнацияга учурап, ал 2% түзөт.
Расмий статистика боюнча быйыл май айында өлкөдө импорт менен экспорт кескин кыскарган. Экспорт болгону 40 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56%га, импорт 195 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 32%га азайган.
Эксперттер Тажикстандын экономикасына келтирилген зыянды 600 миллион доллар деп баалап жатышат. Президент Дүйнөлүк банкка жолдогон кайрылуусунда коронавирус пандемиясынан улам өлкө 650 миллион доллар зыянга учурашы мүмкүндүгүн жазган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ