Menu

Өзбекстан Япониянын лицензиясы боюнча COVID-19га каршы “Ковипир” дарысын чыгара баштады

Бөлүшүү:

Өзбекстанда фавипиравирдин негизинде коронавирусту дарылоо үчүн дары-дармек чыгаруу башталат. Жаңы дары “Ковипир” деп аталды. Бул тууралуу Podrobno.uz басылмасы Фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүү агенттигине шилтеме берип билдирет.

Азыр фармацевтикалык компания Nobel Pharmsanoat препаратын мамлекеттик каттоодон өткөрө баштады. Патенти Япониянын Toyama Chemical компаниясына таандык.

“Вирустарга каршы кеңири спектри бар бул препарат 2020-жылдын февралынан тартып Японияда коронавирус менен ооругандарды дарылоодо колдонулган. Ал өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Ушул айдын башында, Кытайдын Zhejiang Hisun Pharmaceutical компаниясы “Фавилавир” аталышта ушул сыяктуу препаратты өндүрө баштады. Россияда “Авифавир аттуу ушул сыяктуу дары өндүрүлө баштады “, – деди Nobel Pharmsanoat компаниясынын сапат боюнча директору Шамшод Шарипов.

Компания алгач дары-дармектер менен ички рынокту камсыз кылып, андан соң аны чет өлкөгө экспорттой баштайт.

Фавипиравир (Авиган) сасык тумоону дарылоо максатында Японияда 2014-жылы катталган. Өндүрүүчүсү – Fujifilm Toyama Chemical. Каттоодо чектөөлөр жазылган, атап айтканда, башка дары-дармектер таасир бербей калган учурларда, башкача айтканда, акыркы чара катары сасык тумоонун жаңы вирустарына каршы колдонууга жол берилет.

Батыштагы басылмалар билдиргендей, каттоодон өтүү кыйын болуп, үч жылга созулган. Терс таасирлердин бири – жаңы төрөлгөн ымыркайлардын кемчиликтери менен байланышкан. Ошондуктан дары кош бойлуу жана бала эмизген энелерге зыян. Ушундай эле чектөө россиялык “Авифавир” дарысына да колдонулат.

Биологиялык активдүү зат “Фавипиравир” бир катар вирустардын көбөйүшүнө тоскоол болот. Ал Африкада Эбола вирусун дарылоо үчүн колдонулган. Медициналык чөйрөлөрдө “Ремдесивир” деп аталат, Эбола вирусуна каршы АКШда катталган дары, аны COVID-19 дарылоо үчүн келечектүү деп эсептелет.

2020-жылдын февралынан тартып ал жапон клиникаларында коронавирус менен ооругандарды дарылоодо колдонулуп келет. Бул “Compassionate Use” деп аталган программанын алкагында болуп жатат.

Препарат белгиленген максатта колдонулбайт (бул учурда сасык тумоо) коронавирусту дарылоо үчүн, башка эч нерсе жардам бербей калган учурда колдонулат. Японияда чыккан алгачкы алдын-ала жыйынтыктарга караганда, препарат коронавирустун жеңил формасы бар адамдарга жакшы жардам берет, бирок оор учурларда натыйжасыз.

DW басылмасы менен маектешкен немец эксперттери Японияда COVID-19га каршы иштелип чыккан Фавипиравираны колдонууга этияттык менен карашат.

“Бул зат келечектүү, “Ремдесивир” менен салыштырууга болот, анын бар экендиги жакшы, бирок биздин критерийлерге ылайык анын натыйжалуулугу жөнүндө расмий далилдер жок”, – дейт профессор, Коч жана Мечников атындагы герман-орус форумунун башкармалыгынын башчысы Хельмут Хан.

Кыргызчалаган: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: