Menu

Эски аянтта ички иштер органдарынын саптык кароосу өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрь күнү Бишкек шаарынын Эски аянтында милиция кызматкерлери
саптык кароодон өтүштү. Аталган иш-чара келе жаткан жаңы-жылдык майрамдарга карата уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул маалда ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү чараларды көрүп келет. Өзгөчө маанилүү стратегиялык обьекттер кайтарылат. 2018-жылдын 30-декабрынан баштап 2019-жылдын 7-январына чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте
кызматтарын өтөшөт.

Салтка айлангандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосу кызматкерлердин жер-жерлерде кызмат
өтөөлөрү менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз милдеттерин
аткарууларын, андан сырткары сырткы көрүнүшүн, тыкандуулугун текшерүү үчүн өткөрүлөт.
Саптык кароо-тескемеси ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар
Джунушалиевдин, министрдин орун басарларынын, Бишкек ШИИББдин жетекчилеринин ИИОнун
ардагерлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, “Урматтуу кесиптештер! Кымбаттуу ички иштер
органдарынын ардагерлери! Сиздерди келе жаткан жаңы 2019-жылыңар менен куттуктайм! Өтүп бара
жаткан жыл өлкөнүн жашоосунда бир катар маанилүү окуялар менен эске калды. Ички иштер министрлиги
дагы көптөгөн иштерди аткарды. Ички иштер органдарынын негизги тапшырмалары жарандардын
коопсуздугун жана тартибин камсыздоо, алардын мыйзамдуу кызыкчылыгы менен укугун коргоо,
коомчулукта жана өлкөдө туруктуулукту сактоо. Милиция кызматкерлери ар бир нерсеге өз убагында иш-
аракеттерди көрүүсү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусунан жарандардын өмүрү менен ден соолугу көз
каранды болушу мүмкүн.

Азыркы учурда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-
жылдын 1-январынан баштап жаңы тутум боюнча өлкөдө ченемдик-укуктук актылар иштей баштайт.
Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө кирет. Жаңы күчүнө
кирип жаткан кодекстердин, мыйзамдардын нормаларын эске алуу менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жана бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке ашырууга жана ишке киргизүүгө толугу менен даярдыктар жүрүп жатат. Биз баардыгыбыз соттук-укуктук реформасын ишке ашырууга жоопкерчиликтүүбүз. Өздүк курамдын бирдиктүү жана натыйжалуу иштешинен милициянын
ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогурулатуу үчүн негизи болуп берет.

Өтүп бара жаткан жылы ички иштер министрлиги кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, коомдук
тартипти камсыздоо, жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында
алгылыктуу иштерди жасады.Ички иштер министрлиги элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн
тиешелүү иштерди жүргүзүп, калк менен түздөн-түз иштеген сырткы кызматтарды бекемдөө боюнча иштер
алып барылууда.

Жогорку деңгээлде түзүмдүн уюштуруучулук иши жүргүзүлүп, ИИМдин, шаардык-облустук ИИББ-
ИИБдин борбордук аппараттарынын штаттык санын оптимизациялоо боюнча биринчи этабы
жыйынтыкталды, “Бирдиктүү терезе” принцибинде иштеген ИИМдин мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн
борбору ачылды. Эми жарандар тактамаларды жана документтерди алууда канчалаган саат кезекке
турушпайт. Андан сырткары, ушул жылдын күзүндө жаңы атайындаштырылган бөлүм-Туристтик милиция
түзүлүп, туристтердин коопсуздугун камсыздоо менен аларга мыйзамдар жана башка ушул сыяктуу
маселелерге байланышкан кеңештерди беришет.

Жаңы-жылдын алдында милиция кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктагым келет. Өзгөчө
Жаңы-жыл күнүн үй-бүлөөсүнүн жана жакындарынын жанында тоспой, жарандардын коопсуздугу жана
бейпил жашоосун камсыздап кызматтык посттордо турган милиция кызматкерлерин куттуктап, иштерине
ийгиликтерди, бейкуттукту каалап кетмекчимин.

Андан сырткары өздөрүнүн иш-тажрыйбалары, билимдери менен бөлүшүп, жаштарга өз кесибине
ишенимдүүлүк менен мамиле кылып, сүйүүгө үйрөтүп, ар тараптан колдоп жүргөндөрү үчүн милициянын
ардагерлерине ыраазычылыгымды билдиргим келет”-деп сөзүн жыйынтыктады.

Аянтта ИИМдин баардык бөлүмдөрү: ИИМдин “Шумкар”атайын багыттагы полктун, Тез чара көрүү
атайын отрядынын, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, Жол
кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Академиянын
курсанттары, Бишкек ШИИББ менен Чүй ОИИББнин аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн
милиционерлери, милициянын кайгуул-күзөт кызматы, кинологиялык бөлүм, атчан милиция катышышты.
Ушул күнү жаңы бөлүм-Туристтик милициянын бетачары болду.

Милиция кызматкерлерин коомдук тартипти сактоого өз кызмат ордуларына жиберилгенден мурда
“Коомдук коопсуздукту камсыздоого буйрук беремин. Кызмат өтөө учурунда жарандарга кайрылганда
мыйзамдуулукту, маданияттуулукту, сылыктыкты сактагыла” –деген талапты койду. Андан соң ички иштер
органдарынын бөлүмдөрү шаардын борбордук аянтында салтанаттуу марш менен өтүштү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: