Menu

Аш, тойлорго чектөө коюлабы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда той-аштарга кетирилген чыгымдарды азайтуу боюнча маселе кайра көтөрүлүүдө. 21-декабрда Ош шаарында 7 райондон келген аксакалдар кеңештеринин мүчөлөрү той-мааракелердеги ашыкча ысырапкерчиликти жоюу жана аны алдын алуу боюнча талкуу өткөрүштү. Өлкөнүн бир катар аймактарында жергиликтүү бийлик той чыгымдарын кыскартуу боюнча токтомдорду кабыл алып, үлпөт автоунааларын чектөө боюнча чараларды көргөн. Бирок мунун дээрдик көпчүлүгү коомчулуктун колдоосуна алынып иштеп кеткен жок.

Кыргызстандыктар болжол менен бир жылда бир миллиард доллардай каражатты аш-тойлорго жумшаары айтылып жүрөт.

Буга чейин көп чыгымдуу той-мааракелерди өткөргөндөргө салык киргизүү демилгеси көтөрүлүп, ал да колдоо тапкан эмес.

Өлкөдө жеке адамдардын той чыгымдарын токтотуу боюнча аракеттерден майнап чыкпай турган чакта, расмий тойлорго да мамлекеттин эсебинен каражаттар бөлүнө берет. Жыл башында, тактап айтканда, быйыл, 2018-жылы Өкмөттүн атайын буйругунда, мамлекеттик деңгээлдеги той-аш, маараке жана жеке юбилейлердин саны 100дөн ашканы айтылган. Ага мамлекет каражат бөлгөн.

Кыргызстан ашкере чыгымдарды кыскартуу боюнча кошуна мамлекеттерди мисалга алып келет. Мисалы, Өзбекстанда президент кайсы бир аткаминер тойго барып, анын автоунаасын капысынан тойкана же чайханалардын алдынан көрүп калса, катаал чара колдоноорун жарыялаган. Ал эми Тажикстанда да ысырапкорчулук менен коштолгон той -аштарга тыюу салынып, мыйзам кабыл алышкан. Ага ылайык тойго чакырылган коноктордун саны жүздөн ашпашы керек жана сөөк чыккан үйдө мал союлуп, дасторкон жайылбашы шарт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: