Учурда Жогорку Кеңеште жашыруун добуш берүү аркылуу төраганы шайлоо өтүп жатат. Депутаттар бир-бирден чакырылып, добуш берген бюллетенди урнага салышууда.
12 депутаттан турган добуштарды эсептөө боюнча комиссиянын жетекчиси, “Республика Ата-Журттан” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин айтымында, эгер төраганы шайлоого эки талапкер катышып, алардын бири да тиешелүү добуш ала албаса, анда саны боюнча көбүрөөк добуш алган талапкер үчүн кайра добуш берүү өткөрүлүп, экинчи тур болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ