Menu

Аида Салянова: “Коррупциялык фактыларды билген адамдар аны ачыкка чыгаруудан коркот”

Бөлүшүү:

20-апрелде “Парламент” радиосунун “Күн тартиби” программасында “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо” жөнүндө мыйзам долбоору талкууга алынып, ага мыйзам долбоорунун демилгечиси Аида Салянова, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев катышты.

Мыйзам долбоордун маани-максатын жана аны кабыл алуу зарылдыгына токтолгон эл өкүлү Аида Салянова коррупциялык иштер тууралуу маалымат берген жарандарга шарт түзүү зарылдыгын айтты. “Коррупция менен күрөштү жалаң гана жоопко тартууну эсептебешибиз керек. Жарандардын өздөрүнө шарт түзүп берүү зарыл, эртеңки күнү алар куугунтукталып калбагандай мыйзам керек. Биз сунуштап жаткан долбоор коррупция менен күрөшүүдү жарандардын активдүүлүгүн күчөтүүгө багытталган. Жарандар качан мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы күрөшөт? Аларга кепилдик берилсе, басмырлоого туш келип кабалагандай шарт түзүлсө натыйжалуу күрөш болот. Мисалы, таза иштеген адамдар мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык фактыларды билген болсо ал фактылар тууралуу айтууга милдеттүү. Бирок алар азыркы учурда айтпайт, анткени ага кепилдик жок, коркот”, -деди Аида Салянова.

Депутат ырастагандай, коррупциялык иштердин бетин ачууга көмөктөшкөн жаранга сый акы кароо, аны жумуштан кетирүү жана кызматтан төмөндөтпөө маселеси да мыйзам долбоорунда камтылган. “Эгер бир жаран кайсы бир мыйзамсыз ишти ачыкка чыгарса, анын билдирүүсү менен пара алуу фактысы табылса ошол каражаттын 30 пайызын берсин деп жатабыз. Эгер мамлекеттик мүлк уурдалып жатканда жарандын билдирүүсү менен токтотулса, ошол мүлктүн баасынын 30% бериш керек деп сунуштап жатабыз”,-дейт мыйзамдын автору.

Талкууга катышкан юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев сунушталып жаткан мыйзамды колдой турганын белгиледи. “Мындай мыйзам сөзсүз керек, мамлекеттик, саясий коррупцияга белчебизден баттык, бул мыйзам коомчулукту көтөрүүгө механизм болот”, – дейт Бөрүбашев.

Белгилей кетсек, мыйзам жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу билдирген жактарды куугунтуктоодон коргоо максатын көздөйт. Бул жактарды коргоонун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт, ошондой эле калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө ишенимин бекемдөөгө багытталат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары  Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Жаныбек Бакчиев, Дастан Бекешев, Алтынай Өмүрбекова, Исхак Масалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: