Menu

16 жаштагы кыз дүйнө президенттерин уяткарса, биздин спикер жазганды окуй албай уят кылды

Бөлүшүү:

Казакстан өлкөсүнүн Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна ЖК спикери Дастан Жумабеков катышып, кечээ сөз сүйлөдү. Тагырагы, орусча жазылган тексти туура окуй албай коомчулуктун сынына кабылып, шылдың болду. Азыркыга чейин аны 16 жаштагы швециялык активист кыздын сүйлөгөнүнө салыштырып айтышууда… Сүйлөө жагынан кичинекей кыз дүйнөгө, биздин спикер болсо Кыргызстанга дүң болду.

Учурда, Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын климат боюнча саммити өтүүдө. Ага дүйнөдөгү 60тай өлкөнүн президенттери, премьер-министрлери жана тышкы иштер министрлери катышууда. Бул жыйынга 16 жаштагы швециялык активист Грета Тунберг да катышып, дүйнө лидерлерин уяткарды. Ал аларды жаратылышты коргоого жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн катуу сындады. Ал трибунада биздин спикердей болуп башын жерге салып алып, кагазды окуп бүткөнгө шашкан жок. Тек гана отургандарды тике карап туруп: “Мен азыр бул жерде эмес, океандын ары жагындагы мектепте болушум керек болчу. Сиздер жаштарды үмүт менен карап турасыздар. Ушуга кантип дитиңер барат? Сиздер курулай сөзүңөр менен менин кыялымды, балалыгымды уурдадыңыздар. Менин жалгыз өзүм үчүн болсо, эч нерсе болбойт болчу. Адамдар өлүп, бүтүндөй экосистема кыйрап жатат. Баарыбыз жок болуу алдында турабыз. Сиздер болгону акча, дүйнөлүк экономикалык өсүшү тууралуу гана сүйлөйсүңөр. Ушуга кантип дитиңер барды?”,-деп жүрөгүндөгү болгон нерсени тазалыгы менен ыйламсырап айтты. Кол чапканга да ыраазы болгон жок, нааразы болуп, “кыйналган жашоону барып көрсөңөр, ошондо кол чапканыңарды, күлгөнүңөрдү көрөт элем” деп көзүнө жаш тегеренди. “Ушуга кантип дитиңер барды?” деген сөздү төрт жолу кайталады.

 Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: