Menu

Кыргыз Республикасынын Президентинин атына 2019-жылдын 8 ай ичинде жарандардан 10126 кайрылуу келип түштү

Бөлүшүү:

2019-жылдын сегиз ай аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жарандардан 10126 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинде:

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 7726

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 1190

— «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондору аркылуу кайрылган жарандар — 693;

— Коомдук кабылдамаларда маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардамдарды алган жарандар — 353;

— Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфири» аркылуу кайрылган жарандар — 164 түздү.

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын ичинен эң көп кайрылуу Бишкек шаарынын тургундарынан 3000 кайрылуу, андан кийин Чүй облусунан — 1267, Жалал-Абад облусунан — 959, Ысык-Көл облусунан — 549, Ош облусунан — 547, Ош шаарынан — 402, Нарын облусунан — 298, Баткен облусунан — 385, Талас облусунан — 138, КМШ жана башка өлкөлөрдөн 181 кайрылуу келип түшкөн.

Көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү — 3375 кайрылуу же 43,7%ды түзгөн.

—              прокуратура органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 1366;

—              сот органдарына байланыштуу маселелер боюнча — 1254;

—              ички иштер органдары тийиштүү маселелер боюнча — 570;

—              финансы полициясына тийиштүү маселелер боюнча — 97;

—              улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 62;

—              жаза аткаруу кызматына байланыштуу маселелер боюнча — 26.

Аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү кайрылуулардын саны 2043.

Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулардын саны — 1013 кайрылуу же 13,1%.

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө — 363;

— батир бөлүп берүү жана турак-жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө — 356;

— таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө — 58;

— мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы курулуштарды бузуу жөнүндө — 20;

— автожолду куруу жана оңдоо маселелери жөнүндө — 11;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына тийиштүү башка көйгөйлүү маселелер жөнүндө — 205 кайрылуу.

Мындан сырткары:

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 355;

— коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча — 240 кайрылуу келип түшкөн.

Президенттин жана анын Аппаратынын атына келип түшкөн кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү талдоо көрсөткөндөй жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана Мамлекет башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт. Бирок, алардын иши канааттандыраарлык эмес болуп жаткандыктан, алар аргасыздан Мамлекет башчысына кайрылып жатышкандыгын көрсөтөт.

Бардык келип түшкөн 7726 кайрылуулардын 6228и көзөмөлгө алынып, алардын 5643ү мөөнөтүндө аткарылды, ал эми 585и мөөнөттөрүнө ылайык аткарылууда.

Калган 1498 кайрылуу маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга тийиштүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү.

2019-жылы кабыл алынган 1190 жарандардын ичинде Бишкек шаарында — 855 жаран (71,8%), Ош шаарында — 335 жаран (28,2%) кабыл алынган.

Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2019-жылдын 8 айында кайрылуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу  8,8%га азайган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: