Menu

Шайлоодогу босогону 3%га түшүрсөк дегендердин акылы жайындабы?

Бөлүшүү:

Кийинки жылдагы шайлоонун жытын сезгендер тынч жаталбай, эмитен ойгонуп алганы, жеңип чыгалбасын азыртадан сезип, беттерине тырмак сала баштаганы байкалууда. Анысын шайлоодогу босого боюнча талаш-тартыштан көрүп жатабыз. Кызыгы, 9%дык босогону мыйзамга бекиткен азаматтар дагы азыр Теңирден тескери кетип, чекти 3%га чейин түшүрсөк деген демилгени көтөрүшүүдө. Бул эми акылга сыйбаган көрүнүш да. 7%дык босогодо 6 партия келген. Аны 3%га түшурсө парламентке  10го чукул партия кирет. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн парламентке эки, ашып кетсе үч партия келиши керек. А бизде 2010-жылы 5 партия, 2015-жылы 6 партия келген. Көп партиянын кесепетин мамлекет менен бирге жалпы эл тартып, талаш-тартыштан улам алдыга карай жыла албай атканыбыз чындык да. Өкмөт бугүнкү күнгө чейин партлидердин барымтасынан чыга албай отурганы жалганбы? Министрликтерди атасынан мураска калгандай бөлүп алышкан партиялар пайдасын деле тийгизе элек. Учурда мыйзам алкагында күчүндө турган 9%дык босоголук чек партияларды ирилештирүү үчүн мыкты механизм болуп бере алат.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: