Кыргызстандын түрмөлөрү мышык ыйлай турган абалга жетти. Бул тууралуу “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте акыйкатчынын отчетун угуп жатып билдирди. “Биздеги түрмөлөрдү карап жүрөгүң түшөт. Таптакыр шарт жок. Кичине акчасы барлар жакшыраак камераларда кармалат экен, ал эми бей-бечаралар бир бөлмөдө ондон отурушат. Менин оюмча жеке менчик түрмөлөрдү кура турган убак келди. Абакта отурганы менен алар деле биздин жарандар да. Аткаруу бийлиги бул жагын ойлонушу керек”, – деди депутат.
Ошондой эле ал кээ бир капчыктуу кылмышкерлерди түрмө жетекчилиги сауналарга алпарып, кыздар менен камсыздап жатканын, мунун арты жакшылыкка алып келбешин дагы эскертти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ