Menu

Видео – Интернетте акимдин мектеп директорлорун сабаган видеосу тарады

Бөлүшүү:

Сырдарыя облусунун Сайхунбад районунун акими Носиржон Эгамбердиев мектеп директорлорун чогултуп алып, бирден сабаганы тартылган видео интернет түйүндөрүнө тарады.

“Мен элдик районо башчысын (элдик билим берүү башкармалыгынын райондук бөлүмү – Ред.) ит сыяктуу сүйрөйм, чындыгында сен дагы күнөөлүүсүң. Эмне үчүн сен өзүңдүн районоңду сыйлабайсың?”,-деп кыйкырган мектеп директорлорун сабаган киши.

Ал директорлордун бирин жаакка чаап: “Мамлекеттин көз карандысыздыгы – сенин көз карандысыздыгың эмеспи?! Бул сен үчүн майрам эмеспи?!” деп андан ары директорлорду кемсинтүүнү уланткан.

Kun.uz интернет-басылмасы кабарлагандай, Сайхунабад районунда Эгемендүүлүк майрамы 25-августка белгиленип, андан соң 27-августка жылдырылган.

Айрым мектеп директорлору Эгемендүүлүк күнүн 27-августта белгилөө үчүн өз кишилерин кайрадан алып чыга албай калышкан. Айрымдары майрам башка күнгө которулганын билген эмес. Жыйынтыгында 27-августта тиешелүү деңгээлде эл чогулбай калган. Облус акими Эгемендүүлүк майрамын начар уюштургандыгы үчүн Носиржон Эгамбердиевге сөгүш жарыялаган. Район башчысы бул үчүн мектеп директорлорунан “өч” алган деп жазган басылма.

Носиржон Эгамбердиев Сайхунабад районунун акими болуп 2016-жылы октябрда дайындалган. Ага чейин ал Сырдарыя облусунун атайын орто жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: