Menu

HRW Өзбекстанды кумсалардын укуктарын камсыз кылууга чакырды

Бөлүшүү:

Хьюман Райтс Вотч (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда кумсаларды негизсиз кармоо, соттоо жана камакка алуу учурлары боюнча тынчсыздануусун билдирип, алардын укуктарын кепилдөө үчүн Ташкентти өлкө мыйзамдарын өзгөртүүгө чакырды.

Уюмдун 23-мартта жарыяланган билдирүүсүндө БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгон Өзбекстанда «кумсалардын куугунтукталышы» жана мыйзамдарда алар үчүн кылмыш жоопкерчилигинин болушу — өлкөдө башталган реформаларга «кара так» түшүрүп жатканы белгиленген.

«Өзбекстан кумсалар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган Кылмыш кодексинин 120-беренесин жоюп, жаңы Кылмыш кодексиндеги тиешелүү беренелерди өчүрүшү керек», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

HRW Ташкентти «сексуалдык ориентациясы үчүн зомбулукка кабылгандар боюнча иликтөө жүргүзүп, зомбулук көрсөткөндөрдү, анын ичинде укук коргоо кызматкерлерин жазалоого» чакырды.

«Өзбекстандын эл аралык өнөктөштөрү Ташкенттен адам укуктарынын негизги стандарттарын сактоо боюнча алган милдеттенмелерин аткарып, бир жыныстуу мамилелер үчүн кылмыш жоопкерчилигин жоюуну талап кылышы зарыл. Европа биримдиги Өзбекстанга кеңейтилген GSP+ соода артыкчылыктарын берүү боюнча сүйлөшүүлөргө чейин жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен өлкөдөгү адам укуктарына, анын ичинде ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарына мониторинг жүргүзсө болот», — деп жазылган билдирүүдө.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: