Menu

Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы: “Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күчөйт, бандиттер жана УКТ (уюшкан кылмыштуу топтор) жок болот”

Бөлүшүү:

Кыргызстанда бандиттер жана уюшкан кылмыштуу топтор болбойт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин м.а. премьер-министр Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн белгилеп, өлкөнү коррупционерлерден тазалай тургандыгын айтты.

“Коррупциялык иштерди таштагысы келбегендерди камайбыз. “Таза эмес” чиновниктерге мыйзамдын күчүн көрсөтөбүз. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болот. Тууган-туушкан деген жок болот”, – деди ал.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, мамлекеттик комитет ишкерлерди уюшкан кылмыштуу топтордон коргоого даяр.

«Биздин коомдо бандиттер жана уюшкан кылмыштуу топтор болбойт. Ал кылмыштуу топтун мүчөсүмүн деп жүрө албайт. Бардык уюшкан кылмыштуу топтор жана бандиттер жазаланат. Бир дагы ишкер алардан жапа чекпеши керек”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: