Menu

УИАда Тил жана адабият институтунун кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 8 окумуштуусуна “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын негизинде мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси тапшырылды. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Сыйлыктар буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан ыйгарылган. Аталган комиссиясынын чечими сыйлыктарды ээлерине тапшыруу сентябрь айында белгилене турган кыргыз тили күнүнө жылдырылган.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев Тил жана адабият институтунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирип жатып: Улуттук иденттүүлүктү аныктаган баалуулуктардын төл башында  этностун тили жана адабияты турат. Бириккен улуттар уюмунун  чечими боюнча дагы этностун өзгөчөлүгүн белгилеген, өзгөртүүгө мүмкүн болбогон элдин тили, адабияты, тарыхы жана географиясы предметтери табылган. Андыктан силердин институттун иши дагы алдыда турат. Силердин аракетиңер менен нечендеген баалуулуктар элге жетүүдө” – деди.

“Кыргыз тили” төш белгиси менен төмөндөгү окумуштуулар сыйланды:

– Коңурбаева Роза, филология илимдеринин кандидаты;

– Орозова Гулбара, филология илимдеринин доктору;

– Көлбаева Мээрим, филология илимдеринин доктору;

– Садыров Мурат, филология илимдеринин кандидаты;

– Нарынбаева Нуржан, филология илимдеринин кандидаты;

– Ыйсаева Нурзина, филология илимдеринин кандидаты;

– Эгембердиева Соонор, ага илимий кызматкер;

– Мукасов Мурат, филология илимдеринин кандидаты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: