Menu

Ысык-Көл областтык сотунун судьясы Каракол шаарындагы педагогикалык колледждин студенттери менен жолугушту

Бөлүшүү:

Жаштардын укуктук сабатын жогорулатуу максатында 2017-жылдын 17-майында Ысык-Көл областтык сотунун судьясы А.Б.Рыскулова Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинин студенттери менен жолугушту. Бул туурасында Ысык-Көл областтык сотунун басма-сөз кызматы билдирет.

Педагогикалык колледждин окутуучусу А. Келгенбаев лекцияны ачып, сөздү судья А. Рыскуловага берди. Ал студенттерге Кыргыз Республикасынын сот тутуму жана сот тутумунда болуп жаткан реформалар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле биринчи инстанция сотунун, апелляция, кассация жана көзөмөл инстанцияларынын иштөө тартибин түшүндүрдү. Лекциянын жүрүшүндө судья А. Рыскулова студенттерге өзү жөнүндө, эмгек жолү жөнүндө кыскача айтып берип, соттук тажрыйбасында каралган кылмыш иштерден мисалдарды келтирип берди. Колледждин студенттери кызыккан суроолорун беришип, тийиштүү жоопторун алышты. Көпчүлүк суроолор кыз ала качуу жана коомчулукта бул көйгөйдөн арылуу маселелери жөнүндө берилди.

Жолугушуунун соңунда судья А. Рыскулова студенттерге өзүнүн насаатын айтып, аларды мамлекетибиздин мыйзамдарын сыйлап, бекем сактоого чакырып, окууларына ийгилик каалап, келечекте мыкты адистерден болушуна тилектеш экенин билдирди. «Силер келечектеги педагогсуңар. Өзүңүздөрдүн укуктарыңарды жана милдеттериңерди так билишиңер абзел. Чет тилдерди үйрөнгүлө, убакытты текке кетирбей, туура пайдалангыла, китептерди көбүрөөк окугула», – деди ал өз сөзүндө. Окуу жайдын директору С. Молдосанов судья А. Рыскулованы кызыктуу лекция өтүп бергени үчүн ыраазычылыгын билдирип, ушул сыяктуу жолугушуулар тез-тез өткөрүлүп турушун каалады. Ушул жылдын 25-майына чейин студенттер менен кайрадан жолугушуу макулдашылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: