Menu

“Чек арасыз кабарчылар” Тажикстандагы сөз эркиндигинин абалына кабатыр

Бөлүшүү:

“Чек арасыз кабарчылар” (RWB) эл аралык уюму Тажикстандагы басма сөз эркиндигинин абалына кабатыр. Мындай билдирүүнү 28-ноябрда уюмдун долбоорлорунун жетекчиси Люсие Моррилон таратты. Анын айтымында, кырдаал эки жылдан бери кескин начарлап кетти.

“Тажикстан акырындык менен Борбор Азиядагы укуктары жок журналисттердин мамлекетине айланабы деп кооптонуп жатабыз”,-деп айтылат Моррилондун билдирүүсүндө. RWB жетекчилиги маалымдагандай, Тажикстандагы экономикалык жана социалдык кырдаал начарлоодо, ошол эле маалда өкмөт бардык жергиликтүү ММКларды тыкыр көзөмөлгө алуу ниетинде.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 25-ноябрда “Азаттыктын” тажик кызматынын алты кабарчысынын аккредитациясын жокко чыгарды. Өкмөт мындай кадамга Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кызынын министрликке ишке дайындалышы тууралуу жаңылыктан улам барганы айтылууда. Ага чейин министрлик өлкө башчынын кызы министрликке жумушка келгени тууралуу жаңылыкты өчүрүү талабын койгон. Мындай талапка көнбөгөн соң “Азаттыктын” кабарчыларынын аккредитациясын жокко чыгарган.

“Тажик өкмөтүнүн мындай кадамы бизди капа кылды”-деп билдирген “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент. Анын айтымында, “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары биринчи учурда АКШнын өкүлчүлүгүнүн расмий билдирүүсүн жарыялаган, экинчи жолу маалыматты Тажикстан ТИМинин расмий сайтынан алган.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун билдирүүсүндө “Азаттыктын” алты кабарчысынын каттоосун алып таштоодон мурун дагы эркин ММКларга басым көрсөтүү учурлары катталган. Ноябрдын башында “Нигох” гезити жана “Точнюс” агенттиги ишмердүүлүгүн токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: