Menu

Икрам Илмиянов эмнеге кызматтан айдалып, азыр түштүктө эмне балээни уюштуруп жүрөт?

Бөлүшүү:

Өткөн октябрь айынын аягында Алмаз Атамбаев өзүнүн кеңешчиси Икрам Илмияновду элге себебин түшүндүрбөстөн эле кызматынан кетиргени көп уу-дуу сөзгө негиз болду.

Биринчи версия боюнча аны КСДПнын тизмесиндеги кезеги боюнча парламентке депутаттыкка даярдап жатышат дешсе, айрымдары “Атамбаев аны 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону көзөмөлдөөгө, анда СДПКнын жеңишин камсыз кылууга айдаптыр” деп шыпшынышты.

Ал эми Ак үйдөгү булактар Алмаз Атамбаев өзүнүн бир кездеги шоопуру, азыркы кеңешчиси Икрам Илмияновдун акыркы бир жоругуна аябай ачуулануу менен кызматтан алып, ордуна башка кызмат бербей кууп жибергенин айтышууда. Атамбаевдин анчалык ачууланганына себеп катары Икрам Илмияновдун Атамбаев менен Ахматбек Келдибековдун ортосуна көпүрө болуу аракети болуптур. Илмиянов мындан ары түштүктө Ахматбек Келдибековго таянуу менен саясат жүргүзүү сунушун кайра-кайра киргизе бергенде Атамбаев адатынча кагып-сөгүп кызматтан кетирген. Бирок, ага чейин эле Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева “Икрам сенин имиджиңе чоң зыян келтирип жатат, андан арылбасаң ишиң оңолбойт” таризинде кулагына куюп жүргөнүн уккандар бар экен.

Ошол эле учурда президенттин айланасындагы таасир берүүчү күчтөрдүн өз ара атаандаштыгы да Илмияновго кедергисин тийгизиптир. Белгилүү болгондой президентке таасир берүү боюнча Абдил Сегизбаев менен Икрам Илмияновдун группировкалары акыркы жылдарда бири-бирине тымызын каршылашып калган. Бул каршылашуунун кедергиси бир кезде ИИМ министри Мелис Турганбаевге да тийип кызматынан алынганы белгилүү. Анда Икрам Илмияновдун группировкасы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы топтогон маалыматтарын президентке жеткирип, президент аны өзүнө чакырып, ашата сөгүп, арыз жазып кызматыңан кет деп урушат. Бирок Сегизбаевдин группировкасы өздөрүнүн контрмаалыматтарын президентке жеткирип, анын айынан Илмияновдун группировкасындагы Мелис Турганбаев кызматынан кеткен. Ошондой эле контрмаалыматтар Икрам Илмияновго да каршы даярдалып, акыры катуу сокку урулган экен. Эми Илмияновдун группировкасындагы Фарид Ниязов да кызматынан кетирилүүгө даярдалып жатат дешет. Кыскасы азыр президентке таасир берүү боюнча Абдил Сегизбаевдин тобу үстөмдүк кылып жатыптыр.

Кызматсыз калган Икрам Илмиянов жөн жатпай анын чоң саясатка кайтып келишине бир гана жол – түштүктүн саясый күчтөрүнүн башын бириктирүү менен гана Атамбаевге таасир берүүгө болорун түшүнүп, бир айдан бери түштүктө жүрүптүр.

Акыркы жумаларда түштүктүн тыңчыкма саясатчылары Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаровдор биригишкени жана 2017-жылдагы президенттик шайлоого бирдиктүү күчтөр менен катышары жарыяланды. Бул бирикмеге Мелис Мырзакматовду жана Садыр Жапаровду тартуу аракеттери көрүлүп жатканы айтылууда. Кезекте Алтынбек Сулайманов менен Бакыт Төрөбаев туруптур. Жалал-Абадда Икрам Илмиянов менен Азимбек Бекназаров жашыруун жолугушуп, бир тилге келишип, 2017-жылы түштүктөн президент чыгаруу пландарын түзүшүптүр. Албетте Илмиянов көбүнө эле президенттик кызматты убада кылышы мүмкүн. Бирок эски шефи түштүктөн Сооронбай Жээнбековду гана президент кылам деп көгөрүшү турган иш. Илмиянов эч качан Атамбаевге каршы иш кылалбайт, азыр жасап жатканынын баары ал кайра эле Атамбаевдин жанына жакын баруу үчүн жасалып жаткан аракеттердин бири болот.  Ошондо Илмиянов башын бириктирген саясатчылардын баары акыры келип Сооронбай Жээнбековдун жеңиши үчүн курал гана болуп калышабы? Анда дегеле Атамбаев менен Илмияновдун кагылышуусу, кызматтан айдалуусу бул атайын алдын-ала даярдалган сценарий боюнча бараткан жокпу?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: