Menu

Москва мэри кыргыз мигранттары көйгөйлүү маселе экенин айтты

Бөлүшүү:

Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдөн келген мигранттар, анын ичинен кыргызстандыктар көйгөй жаратууда. Бул тууралуу Москва мэри Сергей Собянин укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселеге арналган жалпы шаардык жыйын учурунда билдиргенин ТАСС жазды.

Анын айтымында, Кыргызстандан келген мигранттар эмгек келишимдерин түзбөйт, салык төлөшпөйт, антисанитардык шартта жашашат. “Тилекке каршы, мигранттардын абдан чоң агымы шаардын коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө ”,-деди Собянин.

Буга байланыштуу мэрия Орусиянын өкмөтү менен бирге бул көйгөйдү мыйзамдуу жол менен чечүү жолдорун издеп жатканын билдирди. Ал Москва полициясы элдик кошуундар менен бирге мыйзамсыз миграцияны табуу жана анын алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чараларды көрүүнү улантуусу керектигин кошумчалады.

Мэрдин айтымында, шаардагы мигранттардын 40% мыйзамсыз иштешет. Алар Орусияда нөөмөт менен эмгектенип, 90 күндөн аз жүрүшкөндүктөн каттоодон өтүшпөйт.

Орусия борборунда жүргөн кыргызстандыктар 20-ноябрдан тарта Москвадагы каттоосуз мигранттарды текшерүү күч алганын кабарлашкан. Алардын маалыматы боюнча рейддер быйыл 26-декабрга чейин уланат. Полициячылар кыргызстандыктардын үйлөрүнө түнүчүндө же таң эрте кирип келип, тинтүү жүргүзүшүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: