Ош обусунун Ноокат районунда 2018-жылдын 5-июнь күнү саат 16:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан-чачын жана мөндүрдүн кесепетинен Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген. Мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө (алма, өрүк) зыянын тийгизген, -ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле Көтөрмө айылынан өткөн Шамай селканасынан сел суулары аккан. Айдоо аянттарына жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жерине чыгып, жааган мөндүрдүн кесепетинен жабыркаган үйлөрдүн санын такташкан. 6-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдарын тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ