Menu

Жылдыз Мусабекова: «Өкмөт үч коррупционер акимге тийиштүү чараларды көрсүн, болбосо мен ошол үч акимдин артынан акырына чейин түшөм»

Бөлүшүү:

Укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп жатабыз дешет. Бирок, эмнегедир, алар бийликтин жогорку эшелону менен гана алекетенип калгандай таасир калтырат. Ошол эле учурда, жергиликтүү бийликтеги коррупцияга малынган кызмат адамдары көзжаздымда калууда. Аларга карата иштиктүү чаралар качан көрүлөт? Депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеӊеш жыйынында өкмөт өкүлдөрүнө карата ушундай собол салды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Мисалы, Ысык-Көл облусундагы Тоӊ районунун, Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун акимдеринин коррупциялык жосундары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында көптөгөн материалдар жарыяланды, мамлекеттик органдарга көптөгөн кайрылуулар түшүүдө, бирок жыйынтыгы жок. Акимдер жогору жакта отурган тааныш-билиштеринин көмөгү менен кутулуп кетип жатышат», – деди ал.

Андан тышкары, депутат ордо калаадагы Ош базарында катары менен үч өрт чыкканын эске салып, ушул кезге чейин базар жайгашкан Бишкек шаарындагы Ленин районунун акиминин жоопкерчилиги карала электигин белгиледи. «Алар жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Өкмөт муну кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрсүн, болбосо мен ошол үч акимдин артынан акырына чейин түшөм», – деп кошумчалады Жылдыз Мусабекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: