Нидерланды премьери Марк Рютте 5-июнда жолугушууларды өткөрүү үчүн өлкө парламентине келген. Саясатчы имараттын кире беришинеги турникеттен өтүү учурунда колундагы кофесин төгүп алган.
Буга Рютте кайгырган эмес, бирок андан кийин болгон окуя күбөлөрдү таң калтырган. Күзөтчүлөр тазалык кызматкерлерин чакырган учурда өкмөт башчы пол жуугучту алып, кофе төгүлгөн жерди өзү тазалаган.
Ал чүпөрөк менен турникетти да сүрткөн.
https://www.youtube.com/watch?v=AqNxy0YSu9k
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ