Menu

Темир Сариев, коомдук ишмер: Балыкчы-Корумду жолу мени кызматтан кетирүүгө шылтоо болгон

Бөлүшүү:

—Темир Аргенбаевич, ТЭЦ боюнча бүгүнкү ызы-чууда канчалык деңгээлде күнөөм бар деп ойлойсуз?

—Мен эмнеге өзүмдү күнөөлүү сезишим керек? Ошол убактагы экономика министри катары мен айтчулардын баарын айтып берген болчумун. Анан кантип күнөөлүүмүн деп айтам. Азырынча акыркы жыйынтык чыга элек. Ал чыкса анан көрө жатаарбыз. Ага чейин күнөөлүүсүңбү деп сураганга эч кимдин акысы жок.

—Бул окуя деле Балыкчы-Корумду жолундагыдай болуп чуулдап барып жабылып калбайбы?

—Балыкчы-Корумду жолундагы чуу жабылды деп ким айтты? Дагы деле иштеп бүтүрө элек го. Көлгө баргандар көрүп эле жатса керек. Чынын айтсам мен ал жолду мэр болуу ниетим бар экенин айткан. Мындай суроолорго азырынча даяр эмесмин.  Деги эле мыйзам бузууга жол берилген эмес. Кызматтан кетирүүгө шылтоо гана болгон. Баарына Кудай күбө.

—Жакында эле маектериңиздин биринде шаар башчы болуу нистиңиз бар экенин айтыптырсыз….

—Журналисттер, провокация жасабагыла. Мен эч кандай шаарга мэр болуу ниетим бар экенин айткан эмесмин. Ал жерде ушундай сөз жүрүп жатат деген  сөзгө гана жооп бергем. Мындай суроолорду азырынча  бербей турсаңар жакшы болмок.

Сезим Мураталиева

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: