Menu

КСДПнын депутатына да кылмыш иши козголот экен, эй!

Бөлүшүү:

Эбин тапкандар эки эмес, эки жүз эсе жеп жатышат. Өзгөчө бийлик бутагында олтургандар “жемей” жагынан Гиннестин рекорддорунан бош орун калтырчудай эмес. Бирок, кээде аларга деле укурук жетет экен.

Маселен, Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголушу мүмкүн. “Кылмышка жүйөө” деп анын Ош шаардык кеңешинин мурдагы чакырылышында туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп айлык алып иштеп, ошол эле учурда санэпидемстанцияда иштеп эки жактан тең айлык алып тургандыгы.

Мындан тышкары Ош шаардык кеңешинде туруктуу комиссиянын курамында болгон маалда, шаардык бюджетти эффективдүү пайдаланбай, өзүнө кабинет бөлдүрүп, ага ремонт кылам деп бир топ каражатты жөнү жок сарптап салган.

Ош шаарынын тургундарынын айтымында учурда Г.Эсенбаева Президенттикке талапкерлердин бири Сооронбай Жээнбековду колдоп анын атаандаштарына каршы активдүү кара пиар жүргүзүп жатканын айтышууда.

Бул эле эмес эпчил айымга дагы башка жагдайлардан кошумча кылмыштар ачылат дешсе, ага жалгыз эмес эри экөө аралашкандыктан экөөнө тең кьшмыш козголот экен дешүүдө. Ким билсин, айтор жыландын куйругун былчыйта басышкан окшойт. Болбосо КСДПнын катарында туруп карайлашмак беле…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: