Президентке кулак кагыш
Тогуз-Торо районун Атай айыл өкмөтүнүн аймагында эки айыл бар. Алардын чарбалык иш аракеттери Атай айылынан Карл Маркс айылынын ортоку көчөсу аркылуу топурак жол менен айдоо аянтарына, чөп чабынды жана жайлоого катташат.
Чарбалык иштер кызуу убагында айыл чарба техникалардын, автоунаалардын кун-тун тынымсыз кыймылынын натыйжасында кочонун ичи чанга толуп, сыртта басууга, үй огородунда иштоого, жуулган кийимдеринин кургатууга мүмкүнчүлүк жок. Бронхит менен ооругандар сыртка чыкпай үйдө камалып отурабыз.
Ушуларга байланыштуу айыл өкмөтү раймамадминистрицияга кайрылганбыз, алар жогору жакка билдирип жооп күтүп жатабыз деп кечиккенде айылдын тургундарынан өкүлчүлүк келип, Жогорку Кенештин депутатарынан жардам сураганбыз. Депутат Жунус уулу Алтынбек автожол министрлигинен бизге жардам берүү боюнча сунушубузду министирлик кабыл алып, февраль айларынын ичинде айыл ичинде 1700 метр жол асфальттанат, деп раймамадминистрицияга кол коюп бекитилген каты келген .
Көп өтпөй аталган жолдун асфальтанышы тизмеден алынып салынды маалымат алдык. Бул кандай министрлик буйругун өзгөртө береби? Буга ишенбеген айыл өкмөтүнүн депутаттары, айылдык коомдук бирикменин мүчөлөрү министрликтин эшигинде жүрөбүз. Ким калп айтты, депутатбы же министрликби? Азыр эч кимден колдоо алалбай жүрөбүз. Биздин райондон депутат же министрликте колдоо көрсөтө турган тааныш кишибиз жок. Кимге барабыз? Президент Соорнбай Жээнбеков айткандай кайсы райондон депутат, министр көп чыкса акча ошол жакка дагы эле кетип жаткандай. Бизге боору ооруган киши чыгар бекен?
Тогуз – Торо районундагы Атай айыл өкмөтүнүн Карл Маркс
айылынын тургундарынын атынан
Абышбаев Абдалы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ