29-майда Баткен облусунун Лейлек районунда төкмө акындардын айтышы болуп өттү. Ага өлкө боюнча 20 акын катышып, калыстардын тандоосу менен төрт акын алдыга озуп чыгышты.
Сары кашка атка конгон Амантай Кутманалиев 3-орунду ээлеп, 70 миң сом, 2-орунга чыккан Азамат Болгонбаев 100 миң сом, 1-орунду багынткан Жеңишбек Жумакадыров 150 миң сом, ал эми баш байгени алган ак таңдай акын Аалы Туткучев 300 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Ал эми биринчи айлампада кулаган 12 акынга 10 миң сомдон, жарым финалга чыккан 4 акынга 40 миң сомдон сыйлык тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ