Бүгүн, 4-майда, казак тараптын жардамы менен Украинадан, Австриядан, Венгриядан, Чехиядан жана Словакиядан 29 Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкекке кайтып келишти. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Коронавирус илдетинин дүйнө жүзүнө жайылып жаткандыгына байланыштуу, чек аралары жабылган башка өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарын өз өлкөсүнө алып кирүү чечимин Кыргыз Республикасынын Президенти өз көзөмөлүнө алып, жарандар өлкөгө киргизилди.
Өлкөгө кайтып келген жарандар “Киев-Будапешт-Тараз” чартердик каттамы менен Казакстандын Тараз шаарындагы эл аралык аэропортуна конушкан. Жүргүнчүлөр Тараздан Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Бишкекке келишкен.
Учурда чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын, өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана көмөгү менен кайтаруунун мүмкүн болгон жолдорун издөө улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ