Menu

Аксынын Кашка-Суу айылында да сел жүрүп, жолдорду аңдап оюп, жеп кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-май күнү саат 18:30дар чамасында Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун аймагында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту, Туюк-Жар, Кара-Башат участкаларында жайгашкан сел өтүүчү сайларга келген сел суу батпай турак жайлардын огород участкаларына жана чарбалык жолдорго зыян келтирген.
Тактап айтканда, сел 2 турак үйдүн огород участкасын каптап, Тосту ички чарбалык жолунун 150 метр аралыгын, Баткак-Сай участкасынан 120 метр аралыгын, Кара-Башат ички чарбалык жолунун 90 метр аралыгын аңдап оюп кеткен. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Учурда Айыл аймагында жол каттамдар уланууда. Адам өмүрүнө жана мал-жандыктарга зыян болгон жок.

Жеринде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмүнөн ыкчам топ иштеп жатат, жана жергиликтүү тургундар тартылып, сел суу кирген турак жайларды тазалоо жана суу жеп кеткен ички чарбалык жолго убактылуу кум-шагыл толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: