Menu

Премьер-министрдин пресс-катчысы депутат Каныбек Иманалиевдин калпын чыгарып, каяша айткандыгы үчүн жазаланат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиевдин депутат Каныбек Иманалиевдин сөзүнө берген комментарийи орунсуз  сөздөрдү камтыган деп эсептейт жана өкмөттүн позициясын толук кандуу  чагылдырбайт. Бул тууралу өкмөттүн аппаратынын билдирүүсүн бүгүн, 2-майда премьер-министрдин пресс-катчысы Адилет Султаналиев өзү жарыялады.

“Ошону менен бирге эле Өкмөттүн документтери плагиат экендиги тууралу айыптоолор суу кечпей тургандыгы боюнча айтылган бөлүгү эч кимде шек жаратпоого тийиш экендигин белгилеп кеткибиз келет. Ошол эле убакта мындай ойдон чыгарылган айыптоолорду жокко чыгарууда мамлекеттик кызматкер жана КР Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлү катары Адилет Султаналиев ачууга алдырбаш керек эле. Буга байланыштуу Адилет Султаналиевге каратат КР Премьер-министри тарабынан тартипке чакыруу чарасы көрүлөт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү ар дайым  КР Жогорку  Кеңешинин депутаттары менен конструктивдүү кызматташууга кызыкдар экенин көрсөтүп келген жана мындан ары да ушул эле принципти карманат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эсңиздерге сала кетсек, 30-апрелде парламенттин жыйынында өкмөттүн өзгөчө кырдаал учурунда иштөөгө уруксат берилген экономиканын тармактары тууралу токтомун талкуулап жатып, депутат Каныбек Иманалиев премьер-мнистр Мухаммедкалый Абылгазиевге: “Жарлыктын биринчи пунктунда химия жана мунай-газ өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо тармактары өз иштерин башташат деп жаздыңыздар. Кыргызстанда машина куруу, прибор жасоо тармагы барбы? Жок дегенде, жарлыкты Казакстандын өкмөтүнүн жарлыгынан көчүрүп алганыңарды жашырыш керек болчу”, – деп өкмөттү плагиаттыкка айыптаган.

Ага жооп кылып эртеси, 1-майда өкмөттүн пресс-катчысы Адилет Султаналиев: “Депутат Каныбек Иманалиев өлкөнүн кандай жашап жаткандыгына жана эмнелерди өндүрүп жаткандыгына көбүрөөк көңүл бурушу керек. Депутат өз өлкөсүнүн экономикасынын түзүмүнө караганда коңшу Казакстандын экономикасын же чет өлкөлүк кесиптештеринин мыйзамдарын жакшыраак билсе керек. Балким, ал өз өлкөсүнүн кандай жашап жаткандыгына жана эмнелерди өндүргөнүнө көбүрөөк көңүл бурушу керектир. Бүгүнкү күндөн тартып, инструменттерди жасоочу “Дастан” заводу, “Джунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу, нефть жана газ тармагынын баардык комплексин аткарган “Кыргызнефтегаз”, “Автомаш-Радиатор” машина куруу заводу жана Бишкек машина куруу заводу, эң ири Майлуу-Суу чырак заводунун жана бир катар ишканалардын ишине уруксат берилген. Ушундай объекттер, алардын жамааттары жана өндүрүштүк ишмердүүлүгү Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес, алар чындыгында бар жана иштешет, жарандарды жумуш жана киреше менен камсыз кылышат”,- деп каяша кайтарган. Чындыгында  өкмөт өз токтомун казак өкмөтүнүн токтомунан көчүрүп алгандыгы тууралу депутат Каныбек Иманалиевдин айтканы далилденген эмес жана калпка чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: