Menu

Назарбаев казакстандыктар электромобилдерде жүрсө деп кыялданат

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өлкө жарандарынын баары тең электромобилдер менен жүрсө деп «кыялдана турганын» айтты. Бул тууралуу ал 6-декабрдагы жалпы улуттук телекөпүрөнүн жүрүшүндө билдирди.

“Биздин өлкөдө машина куруу тармагы биринчи жолу өнүгө баштады. Костанайда азыр электромобилдер өндүрүлүп жатат. Мен жакында казакстандыктардын бардыгы тең ток менен жүрчү унаалар менен жүрүп калса деп кыялданам. Баасы жагынан алар жеткиликтүү болот”, – деди Назарбаев.

Анын айтымында, электромобилдер «Алматы жана Усть-Каменогорск сыяктуу булганган» шаарларда өзгөчө керек болот.

Эгер толугу менен электромобилдерге өтсөк, биз бир нече эсе көбүрөөк үнөмдөйбүз, – деп кошумчалады Назарбаев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: