Menu

Бейшенбек Бекешов: Референдумга барасызбы?

Бөлүшүү:

Кетмендин башын бир жолу басып, сабы чекесине тийген киши аны эзели экинчи жолу баспайт. Биз референдум аркылуу Аскар Акаев өз бийлигин кайра-кайра узартканда эле кетменди кайра-кайра басканбыз. Андан кийин Курманбек Бакиев канча бастырды. Кайра-кайра таяк тийген баш иштемек беле. Ошентип дагы бир референдумга баратабыз. Дагы бир уюшкан кландын бийлигин узартуу үчүн.

Бийлик демилге кылган референдумда бийлик чыңдоодон, бийлик узартуудан башка максат болбойт. Андан башкача али тарыхта боло элек. Болбойт дагы. Революциялардан кийин, бийлик азынап кете электе, элдин кызыкчылыгы аралашкан референдумдар да аздыр-көптүр өтүп жүрөт. Бирок эл энөө, маңыроо болсо, анысы аз келгенсип уят-сыйыт дегенден куру жалак калса, эң арсыз бийлик да анын төбөсүнө чыгып, элдин аздыр-көптүр жетишкендиктерин да тоноп алууга жанталашат.

Эгерде демократия деген эл бийлиги экени чын болсо, ар кандай амал менен бийликке жетип алган мителердин бетпактыгы эмес экени анык болсо, анда референдум дегенди бийлик эмес, эл өзү уюштуруп, эл өзү өткөрүшү керек. Дагы эле элдин атынан сүйлөөгө аракет жасап жаткан азыркы бийлик элдик бийлик эмес экени айдан ачык болду. Бул бийлик бир гана уюшкан топтун бийлиги экени өтмө катар далилденди. Бул бийликте өз кланынын ат баккычынан жан сакчысына чейин жыргатуудан башка максат жок экени көрүндү. Бул бийликке эл, кыргыз кызык эмес экен. Бир миллионубуз эмес, калганыбыз да тентип кетсек чатагы жок. Бул бийликке чотурун алаар чет элдик компаниялар, карызга курулчу ири-ири долбоорлор гана кызык экен. Карызды төлөй албай калсак бул ишти эч кандай сот карай албайт, карыз бергендер кандай шартты айтса ошого макулбуз деп карыз алганды уктуңар беле? Укпасаңар Кытайдан алган карызыбыз ошондой экен. Деги эле акыл-эси ордунда кишиге карыз алгандан биз эч убакта коркпошубуз керек деген бийликтен коркунучтуу эмне бар?! Деги эле келечек муундун эсебинен карыз алууга укукту бизге ким берди? Мен алган карызды балдарым тургай, небере-чөбөрөлөрүмө чейин төлөсүн деген атаны кыргыз кай заманда адам катары көрчү эле!?

Карыз деген балээ акчанын баары ааламдашуу деген ажыдаардын оозуна кирип кеткен бүгүнкү күндө биз эле эмес, мен кыйын деген элдер менен мамлекеттердин да көкөйүн кесип жатат. Бир эле мисалды айталы. Европадагы Исландия деген арал мамлекеттин да карызы башынан ашып кетиптир (http://guznin.livejournal.com/58835.html). Бирок ал карызды мамлекети, өкмөтү албай, жалаң жеке менчик банктар алып, Британия менен Голландиянын жеке менчик банктарынын акчасына 4-5 жыл катары менен аябай жыргашыптыр. Анан төлөгөнгө келгенде ошол карызды эл төлөсүн, ар бир жаран 15 жыл бою ай сайын 100 евродон төлөп кутулсун дегенге токтоптур бийликтери. Ошондо эл жарылып, бийлигин алмаштырып, жаңы бийликтин жардамы менен үч жыл бою элдин бири калбай катышып, дагы бир жолу кайталайм: толук үч жыл бою элдин бири калбай катышып, кайра-кайра, сансыз жолу талкуулап жатып, элдин кызыкчылыгын кылымдар бою сактай турган, кебелгис жаңы Конституция жазышып, аны жалпы элдик референдумда кабыл алып, сырткы карызды болсо төлөбөйбүзгө токтошуп, өлкөнүн экономикасын ошондой кризиске алып келген банкирлердин үстүнөн кылмыш ишин козгошуп, алардын көпчүлүгү өлкөдөн качып чыгып, мына бүгүнкү күндө бүт Европанын төбө чачы тик туруп жаткан кез.

Албетте, Британия менен Голландиянын банкирлери чачын жулуп жатат. Аларды өкмөттөрү коргоп, Исландияга каршы экономикалык блокада кылабыз деп коркутууда. Ал турсун Дүйнөлүк Валюта Фонду (МВФ) Исландиядагы иштеринин баарын токтотуп койду. Бирок арал мамлекетти барып басып алып же башка бир чечкиндүү жол менен ооздуктоого духу жетээр ал чөлкөмдө эч кандай күч жок. Исландия алардан башка ондогон өлкөлөр менен алака кылып жашай берет. Жашамак турсун, жыргап-куунап жашай бериши мүмкүн. Ал эми Кытайдан алган 2 миллиарддык карызды төлөй албай калсак биз кантебиз?! Аны жеке менчик банктар эмес, өкмөтүң алган, келишимиңдин шарты болсо мына деп турса кантебиз?!

Мына ошол исландиялыктар сыяктуу Конституцияны жалпы эл өзү жазышы керек. Муну Конституциянын “атасы” аталган, кыргыз саясатындагы эң тажрыйбалуу, отуз жылга чамалаган саясий өмүрүндө жалаң чындык деп чыркырап, акыйкат деп алышып, далай жексур бийлик менен бычактын мизинде, өмүр менен өлүмдүн чек арасында кармашып келаткан тайманбас баатыр улутташыбыз Өмүрбек Текебаев өткөн айда референдумга каршы күчтөрдүн Курултайында ачык айтып, Конституцияны кайсы бийликке жаздырсаңар да өз көмөчүнө күл тартат, ошондуктан эл жабылып өзү жазууга тийиш, 2020-жылга чейин каалаган оңдоп-түзөөлөрдүн баарын киргизип, кылымдарга жараар Баш мыйзам жасап алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар деди. Бул биздин тарыхый мүмкүнчүлүгүбүз. Жети асманга чейин көкөлөтүп мактап жүргөн элибиз үчүн сыноо. Биздин жашообуздун мыйзамын бизге бирөө жазып бербейт. Ушул эле биз мактаган Текебаев да жазып бербейт. Ал бир эле киши, бир эле жаран, бир эле кыргыз. Аны биз баарыбыз жабылып жазышыбыз керек. Ага биз туу туткан элдик дөөлөттөрүбүздүн, адеп-ахлагыбыздын, каада-салтыбыздын, кулк-мүнөзүбүздүн баары кириши керек. Конституция менен орустар, каада-салты менен кыргыздар жашайт деген абал болбош керек. Биз да улуулугубузду, артыкчылыктарыбызды башкалар сыяктуу кагазга, айрыкча мыйзамга чыгарганды үйрөнүшүбүз керек.

Президенттин же башка бийлик адамынын Конституцияны бузуп жатканын жалгыз Текебаев эмес, ар бир кыргыз, ар бир жаран көрүп тургандай болуш керек. Ошондо ар бир бийлик адамы Батыштагыдай болуп илесепет минип, көп кабат үйдө эл менен кирип чыгып жашап калат. Же Ирандын мурунку президентиндей болуп күрөк көтөрүп огородунда жүрөт. Ошондо өкмөттүн ар бир чечими кабыл алына электе мыйзамдык экспертизадан өтүп, эгер мыйзамсыз болсо, ошондой нерсени кабыл алуу ниети болгону үчүн эле өкмөт отставкага кетип турат.

Балким ошол чыныгы элдик референдум аркылуу элибиздин кедерин кескен партиялык капчыкбайлардын системасынан биротоло арылабыз. Социал-демократиялык идеяны кыргыз топурагына экпей туруп өлтүргөнү үчүн Алмаз Атамбаевке жана анын компаниясына балким алкыш айтканыбыз дурустур. Бийликке аралашкан башка партиялар деле идеясы менен бир нерсе топтогонун көрө элекпиз. “Ата мекенчи” социалисттердин гана социалдык адилеттүүлүккө байланышкан үндөрү үзүл-кесил угулат. Бирок мамкаттоо машинасынын сыйкырдуу таякчасы Ошто 40 миң добуш алып жүргөн мырзакматовчуларга эл 4 миң гана добуш берди деп, ата мекенчилерге парламенттеги он пайызга жетпеген орунду кайыр-садака катары тартуу кылып койбогондо алар ошол өлөсөлүү үнүн да чыгарганга жарабай калмак. Социалдык адилеттүүлүк деген адамзаттык улуу идеянын биздеги азыркы абалы мына ушундай.

Бизде эки жолу революция болду. Азыр үчүнчүсү бышып турат. Эмне үчүн? Мурдагы эки революциянын тең элдик бийлик орнотуу идеясы ишке ашпай, күм-жам болгону үчүн. Бирок үчүнчү революциянын мурдагылардан айырмасы – анын баштагыдан алда канча көп мекендештердин жан дүйнөсүндө бышып, даяр болуп турганы. Азыр мурдагыдай кан төгүп же башка бир мыйзамсыз иш-аракеттерге баруунун кыпындай да зарылдыгы жок. Жогоруда айтылган Исландиядагыдай эле тынч революция жолу менен адилеттүүлүктү мыйзам чегинде жабылып талап кылууга жетишсек, бул бийликтин мыйзамсыз күч колдонуп, же кимдир-бирөөнүн канын төгүп жиберүүгө духу жетпейт. Оффшорго каччулары көп чыкпас, көпчүлүгүнүн колу-бутун кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү байлап турат. Алардын да урук-тукуму, бала-бакырасы бар. Мурдагы эки бийлик окшоп, жети тукумун суук тумшук кылгысы келбес.

Ошондуктан, бийликтин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан референдумга жакшысы – барбай койгонубуз оңдур. Барып алып тетири добуш берсе деле болоор. Бирок Мамкаттоонун машинасы туура тыянак чыгарат деп ким кепилдик кылат? Манжаларыбыздын сүрөтү анда барбасак деле бар. Ошентсе да шайлоого келген кишилерди сүрөткө тартып каттап турабыз деген да демилгечилер жүрөт. Европа Биримдиги болсо бул шайлоого байкоочу жиберүүдөн баш тартты. Эмнеси болсо да иштин эң эле жакшысы – келечектеги чыныгы ЭЛДИК РЕФЕРЕНДУМГА жакшылап даярдануу болсо керек.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: