Menu

Казакстан Орусиянын айрым аймактарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизди

Бөлүшүү:

Казакстан Айыл чарба министрлиги 26-июлда Орлов, Ростов жана Нижегород облустарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизди. Министрлик бул кадамын аталган аймактарда “жогору патогендүү куш тумоосунун” тарашы менен түшүндүрдү.

Министрлик тараткан маалыматта ветеринардык көзөмөл комитети Казакстанга тирүү тоок, инкубациялык жумуртка, куш мамыгы менен таксидермиялык иштетүүдөн өтпөгөн бардык канаттуу өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизгени айтылат.

Мындан тышкары канаттууларга арналган жем жана азык кошулмаларын, таксидермиялык иштетүүдөн өтпөгөн аң уулоо олжолору жана куштарды союуда колдонулуучу жабдууларды алып кирүүгө дагы бөгөт коюлду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: