Menu

Илмиянов өмүр бою түрмөдө чирийби?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши тергелип бүттү. Бул туурасында ушул жумада УКМК кабарлады.

Маалыматта: “УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмияновго карата 150 миң АКШ доллар акча каражатын алдоо жолу менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөө аяктады. 2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчьшык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды. Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат”, – деп айтылат.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 28-сентябрында Башкы прокуратура Икрамжан Илмияновго кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 18- октябрында Биринчи Май райондук соту Илмияновду сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

19-октябрда ал Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ошол учурда Илмиянов “жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган” деп шек саналып кармалган болчу.

Бирок эл арасында И.Илмиянов тууралуу ар кандай бири-бирине карама-каршы пикирлер айтылууда. Мисалы, эски бийликтин тушунда “серый кардинал” деген ылакапка ээ болуп, өлкөнүн жогорку кызмат орундарынан тартып, ири бизнеске чейин көзөмөлдөп тургандыктан, 300 млн. доллар байлыкка ээ дешет. УКМК камакка алгандыгынын бир себеби – ошол акчасы менен мүлкүн “каралардан” калкалоо катары да көргөндөр бар. Айтор, И.Илмияновдун кармалышынын тегерегинде чиеленишкен жагдайлар көп…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: