Menu

АША: “Албек Ибраимов периште, Сапар Исаков суудай тунук!” – деген аталышта митинг өткөрөт!

Бөлүшүү:

Бишкекте жайгашкан Атамбаевге таандык “Форумдун” алдында 7-8 июнь күндөрү митинг өтөт. Аталган митингде, ири коррупциялык кылмыштарга шектелип камакка алынган Албек Ибраимов, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовдордун боштондугу талап кылынат.

Мындай митинг Алмазбек Атамбаев тарабынан каржыланып, анын уюштурусу менен өткөнү турат.

Албек Ибраимов 2010-жылга чейин жөн гана кампачы, таразачы болуп, карапайым жашоодо жашаган. Ал 2010-жылдан кийин эбегейсиз байып, Бишкектин эле айланасынан 350 гектар жер тилкесине ээ болуп, 240 кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, ишканаларга ээлик кылып калган. Кыска мөөнөттө Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарына кирген. Ага карата коррупция жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турганда 250 сомдук көчөттөрдү 9000 сомдон сатып алып, ири суммадагы каражаттарды уурдаган. Мындан тышкары Бишкек шаарынын аймагына курулган мектептин курулушуна бөлүнгөн 2 миллион доллар каражаттан жеп койгону белгилүү болгон.

Дагы бир Атамбаев коргоп, боштондугун талап кылып жаткан Кубанычбек Кулматов Албек Ибраимов экөө биргеликте, жогорудагы айтылган мектепке бөлүнгөн 2 миллион каражатты карактаганы боюнча шектелип камалган.

Башкы коррупционер, өзү кичинекей болгону менен алкымына миллиондор сиңип кеткен Сапар Исаков. Максим Бакиев 150 миллион долларга бүтүрө турган долбоорду чыккынчылык менен кайра келишим түзүп, 386 миллион долларга баалап, кадимки эле кычкачты 600 доллардан сатып алдык деп, миллиондогон каражатты жеп койгон. Кылымдын аферасы катары бааланган ТЭЦти реконструкциялоо долбоору аркылуу Кыргызстанды карызга батырып, мамлекетке ири чыгып алып келген.

Мына аты аталган жемкор, мамлекеттин байлыгын талап-тоногон ууруларды Атамбаев уялбай эле коргоп, бет тырмачылык кылып митинг өткөргөнү жатат. Атамбаев мындай кылуунун ордуна, бир кезде Текебаев айткандай, жигит болсо жипти алып эле сарайга карай чуркашы керек болчу.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: