Menu

Ош базарында бирөөнүн башын темир балка менен чапкан Э.А. аттуу жаран кармалды

Бөлүшүү:

Милициянын кайгуул кызматы ден соолукка оор зыян келтирген жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-ноябрда болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ош базарында атамды уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1997-жылы туулган П.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 16:20 чамасында арыз ээсинин атасын болжол менен жашы 40-45 жаштардагы азият улутундагы адам башына темир балка менен чаап, денесине оор залакат алып келген. Ошол адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган Э.А. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден-соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: