Талапкерлер муну 7-январь саат 23:59га чейин жасай алышат. Анын үстүнө, эгерде талапкер шайлоо мыйзамдарын одоно бузса, анда ал шайлоодон бир күн мурун жарыштан четтетилиши мүмкүн. Өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер же парламентке аттанган партия добуш берүү күнүнө чейин үч күн калганда гана шайлоодон четтетилиши мүмкүн деген эреже мыйзамдан алынып салынган.
Бүгүнкү күнгө карата 50 талапкер бар. Буга чейин шайлоо комиссиясы 12 талапкерге документтерин кайтарып берген. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди 14-декабрга чейин каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде арыз ээси тиешелүү күбөлүктү алат. Эгерде ага каттоодон баш тартылса, анда бул жөнүндө БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде билдирилиши керек.
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ