Бул сүрөт соцтармактарга тарады. Ким, качан, кайсыл жерден тартып алганы белгисиз. Оңдон солго: Раиса Атамбаева, Алмазбек Атамбаев жана Хабибула Абдыкадыр.
“Азаттык” менен Kloopтун Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар, Аэркен Самайитинин өлүмү жөнүндө чуулгандуу иликтөөсүндө айтылган кытайлык уйгур бизнесмен Хабибула Абдыкадыр көп талаштардын чордонуна айланды. Өзгөчө Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка олтуруп жаткандагы салтанатта дал ошол Х.Абдыкадырдын инаугурацияда олтурган сүрөтү күдүң сөздөрдү жаратты. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева С.Жээнбековдун инаугурациясын уюштурууда Атамбаевдин аппараты иш алып барганы, жаңы президентке тууган-туушкандарын гана чакырууга уруксат берилгени жөнүндө билдирүү кылган. Анан эле Атамбаевдин тушунда президентик аппаратты жетектеген Фарид Ниязов дал ушул Х.Абдыкадырды Жээнбеков тууганы катары чакырганын айтып чыкты. Эми минтип Атамбаевдин уйгур ишкер менен кучакташып түшкөн сүрөтү дагы далай кызуу талаштарды жаратканы калды көрүнөт…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ