Menu

Тилек Матраимов Ош облусундагы башка акимдерге караганда, кирешеси көп болгонун түшүндүрдү

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими декларацияга ылайык, былтыр 2 млн 333 294,17 сом иштеп тапкан. Бул сумма Ош облусунун башка район акимдеринин кирешесинен кыйла көптүк кылат.

Мисалы, Алай районунун акими Замирбек Молдокулов былтыр – 527 897, 6 сом тапкан. Чон-Алай районунун акими Жумадил Жапаров – 412 385, 1 сом, Өзгөндүн акими Бактыбек Алайчиев – 300 220 сом, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов – 1 017 717 сом иштеп табышкан.

Ал эми ЖК депутаты Искендер Матраимов менен айтылуу Райымбек Матраимовдун иниси болгон Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов ишкерлик менен да алектенбейт. Анда эмнеге анын кирешеси көптүк кылат. Бул тууралуу аким өзү журналисттерге айтып берди:

“Салык салынган жана салынбаган кирешелер бар. Декларацияда кирешелер келтирилген. Андан кийин салык салынган каражаттар көрсөтүлөт. Районубузда ар бир кишиде мамлекет берген жер тилкеси бар. Ижарага берилген жерлер бар. Мен айылда жашагандыктан, мал-жан кармайм. Кээде мал сатам, кээде сатып алам дегендей. Андан бир аз киреше табам. Тигил же бул малды сатып алганым же сатканым боюнча справкаларым колумда. Ушулар эске алынып, декларацияга тиешелүү сандар киргизилген. Мен – ишкер эмесмин. Менде башка киреше таба турган нерсем жок. Бул салык салынбаган кирешелер”.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: