25-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши каралды. Сот материалдарды изилдөөнү улантты.
Жактоочу Бактыбек Жуманшов Айгерим Айдарбековна Тынаева аттуу жарандын ишеним каты боюнча өтүнүч келтирди.
А.Тынаеванын айтымында, бул кылмыш ишине байланыштуу Раззаков менен Ахунбаева көчөлөрүндөгү батирлер камакка алынган. Ал батирлер 2012-жылы октябрда жана 2013-жылы майда сатылып алынып, айыпталуучу Айбек Калиевге тиешеси жок экендигин келтирген.
Ошондой эле Айдарбек Асанович Тынаев да Көлдөгү турак үйдү, жер тилкесин жана мал сарайды камактан чыгаруунун суранган. Анын айтымында, ал кредит алып жана АКШдагы тааныштарынан карызга акча алып, бул эки батирди сатып алуу үчүн малсарайды сатышкан, ошондой эле кызына (А.Калиевдин жубайына) автоунаа алып беришкен экен.
“Тынаевдер мүлктөрүн Бишкек ЖЭБинин долбооруна чейин эле сатышкан. Калиевдин бул объектилерге эч кандай тишеси жок”, – деди сотто жактоочу. Сот өтүнүчтү кылмыш ишине тиркеди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ