Menu

Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Метин Кылычты кабыл алды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткан Метин Кылычка ыраазычылык билдирип, элчи болуп турган учурдагы эки өлкөнүн алакасына байланыштуу аткарылган иштерге токтолду.

Кыргыз-түрк мамилесинде элчинин өзгөчө роль ойногондугун баса белгилеген Жогорку Кеңеш Төрагасы: “Түркия менен Кыргызстан боордош өлкөлөр. Ортодогу достукту бекемдеп, андан ары өнүгүшүнө өбөлгө болгон сиздей элчинин эмгегине ыраазыбыз. Буга чейинки Түркиянын кыргыз элине көрсөткөн жардамы жана мамилеси унутулбайт”, – деп билдирди.

Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (TİKA), ошондой эле түрк калкы тарабынан Кыргыз Республикасындагы ири долбоорлор менен өлкөдө болгон өзгөчө кырдаал учурларында көп жардамдар берилип келгенин эске алган Жогорку Кеңештин Төрагасы, мындай тыгыз байланышка Элчинин салымы чоӊ экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Метин Кылыч элчиликтин ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Жогорку Кеңешке жана жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирип: “Мен 4 жылдан ашык элчилик кызматты аркаладым. Бул убакыт ичинде кыргыз-түрк алакаларын чыңдоого, мамлекеттер аралык достукту бекемдөөгө болгон аракетимди жумшадым. Кыргызстан мен үчүн эң жакын өлкөгө айланды”, – деди.

Жолугушуунун соңунда Төрага Түркия Элчисине мындан аркы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: