Menu

Калдарбек Абдраманов, КР башкы кардиохирургу: Текебаевдин иши боюнча Сооронбай Шарипович адилеттүү оюн билдирерине ишенем

Бөлүшүү:

Жүрөккө эң оор операцияларды жасаган, медицина илиминин доктору, профессор, белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдраманов ага өлкөбүздөгү жүргүзүлгөн саясатка ар убак калыс пикирин айтып, акты «ак» деп, кетирген кемчиликти көзгө сая көрсөткөн мекенчил инсан. Бүгүн камактагы саясатчыбыз Өмүрбек Текебаев тууралуу ой бөлүштүк.

– Коомдогу саясатчылардын ордун, элге болгон таасирин кандай кабылдайсыз? Буга чейин бир топ көрүнүктүү инсандарга куугунтуктоолор да болду эле…

– Мен саясатчы эмесмин. Бирок, күнүмдүк жашоодо, жасап жаткан ишибизде, тармактын, мамлекеттин өнүгүүсүндө ар бир инсан саясаттын, саясатчылардын таасирин сезет. Кыскасы, ар бир адамдын жашоосунан баштап, бүтүндөй бир мамлекетгин тагдырына чоң саясатчылар түздөн түз таасирин тийгизишет. Демек, мамлекеттеги күчтүү саясатчылардын тагдыры да ар бирибизди кайдыгер калтырбаш керек. «Мага тиешеси жок» деп унчукпай отура берсек, эртең ошол кайдыгерлигибизге өкүнүп калышыбыз турган иш.

– Учурдагы президентке учкай пикириңиз?

– Ошол мааниде мен да көпчүлүк элге кошулуп, кечээ өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин негизинен колдогом. Талапкерлердин ичинде башка татыктуу жигитгерибиз болсо да, жеке мен, «соодагерден көрө сопу жакшы» деген принципке токтолгом. Ошондогу мени жетектеген негизги идея «жаңы президентибиз мамлекетте адилеттүү башкаруу орнотот, чоң жооптуу кызмат жетекчилерин бекитүүдө профессионал, патриот, ишбилги адамдарды алып келет. Сот бийлигин тазалайт, бейкүнөө камалган адамдарды бошотот. Коррупционерлерди камап, элди соруп, тоноп байып жаткан суткорлордун эсебинен өлкөнүн кампасын, капчыгын толтурат, тышкы жана ички карыздардан кутултат» деген жакшы тилек, ишенич эле.

– Сиздин тилегиңиз жалпы 6 миллион элдин да тилеги болду окшойт…

– Мына бүгүн ошол жалпы элдин тилеги ишке ашып, коррупция менен күрөшүү башталды. Аны эл көрүп баалап жатат. Бул биринчи жакшы кадамдар деп түшүнсөк болот.

– Көпчүлүк эл «Текебаев толук акталып чыгат» деп күтүп калганда башкы прокуратура камактагы саясатчыбыздын ишин кароодон баш тартты. Бул тууралуу сиздин кандай пикириңиз бар?

– Албетте, Кыргызстандагы эң күчтүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жалган жалаа менен камалышы саясый буйрук экенин юристтер эле эмес, көпчүлүк эл да түшүнүп, көрүп билип турду да. Айла жок, карапайым эл бир жагынан жалгыз Жаратканга ишенип, «ак ийилет бирок сынбайт» деп каниет кылса, экинчи жагынан, «бийлик өзгөрсө, ыймандуу, Кудайга ишенген адам келсе, саясат өзгөрөт, адилетсиз камалгандар акталат» деген ишеним баарыбыздын жүрөгүбүздүн тереңинде уялап жаткан да. Ошондуктан, прокуратуранын «Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого муктаждык жок» деген чечими көпчүлүк элдин оюна, мүдөөсүнө муздак суу сепкендей болду. Мен сиздин оюңузга толук кошулам. Баарыбызда ошондой сезим калды. Мен да ачылган жаңы жагдайлар боюнча белгилүү саясатчынын ишин кайра карап чыгышса адилеттүүлүк болорун ойлогон элем. Тилекке каршы, андай болгон жок.

– Эми деле көпчүлүктүн үмүтү үзүлбөй тургансыйт…

– Менин оюмча, бул чечим президенттин эмес, прокуратура кызматынын чечими. Президентибиз мамлекеттеги адилеттүүлүктүн гаранты катары ар бир жарандын тагдырына түз кийлигишүүгө толук укугу бар жана милдеттүү деп эсептейм. Ошондуктан, «бул чечим ошол бойдон калбайт кайра каралат го» деген ойдо турам. Себеби, жалпы эл ишенип шайлаган мамлекет жетекчибиз, журтубуздун ишенген сүймөнчүгүнө айланып бараткан президентибиз Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн түптөөгө 25 жылдан бери чоң салымын кошуп келе жаткан саясатчы Текебаевдин иши боюнча адилеттуу жана калыс оюн айтат деп толук ишенем.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: